Бишкек мэри Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисин иштен айдады

Жазылуу
16-декабрь күнү мэрияда шаардык кызматтардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин иштеги жоопкерчилиги каралган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкекте №3 мектептин жылуулук системасында авария болгондугуна байланыштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азамат Өмүрзаков иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Маалыматка караганда, 16-декабрь күнү мэрияда шаардык кызматтардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин иштеги жоопкерчилиги каралган.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кээ бир кызматкерлердин шалаакылыгынан улам ноябрь айында №3 мектептин жылуулук системасында авария болгон. Мындан улам мектеп менен кошо ага жакын жайгашкан №117 бала бакча дагы жылуулуксуз калган.

"5-класстан 11-класска чейинки окуучулар №39 мектепте убактылуу билим алып жатышты. Ал эми башталгыч класстар ошол убакта каникулда жүрүшкөн. Бала бакча жабылып, логопеддер үйдөн иштеди", — деп айтылат маалыматта.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги бакчада бала сабалганбы? Мэрия өз версиясын айтты
Капиталдык курулуш башкармалыгы №3 мектептин жылуулук түтүктөрүн оңдоого 1 миллион 80 миң сомдук, бала бакчанын түтүктөрүн жакшыртууга 181 миң сомдук тендер жарыялаган.

"Бирок аткаминерлер смета түзүшкөн эмес", — дешти мэриядан.

Суракматовдун тапшырмасы жана вице-мэр Мирлан Амантуровдун кийлигишүүсү менен оңдоо иштерине кеткен каражат 30 миң сомдон ашкан эмес. Тендер болсо жокко чыгарылган. Мектеп менен бала бакчага жылуулук тез арада берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0