Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңштин жыйынындагы министрлер жана өкмөт мүчөлөрү. Архив
Жогорку Кеңштин жыйынындагы министрлер жана өкмөт мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминерлердин декларациясына көз чаптыра турган болсок, жылына төрт-беш миллион сом киреше тапкандары да бар. Ошол эле учурда үрүп чыгар ити жок жакыр жашаган министрлерди да кезиктирүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аткаруу бийлигинин негизги мүчөлөрү болгон министрлердин эмне мал-мүлкү бар экенине кызыгып көрдү. Бул үчүн 2018-жылга карата тапшырган декларациясын карадык.

Расмий документке ишенсек, аткаминерлердин басымдуу бөлүгү жарды жашайт экен. Ошону менен бирге эле жакын туугандарынын да эч кандай мал-мүлкү жок.

Белгилей кетсек, декларацияда "жакын туугандары" деп көрсөтүлгөн категорияга аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бир жылда 5 миллион 196 миң сом киреше тапкан. Баалуу зер буюмдарынын баасы 50 миң сомду түзөт. 98 миңдик компьютер жана башка техникасы, 50 миң сомдук эмереги бар. Деген менен аталган буюмдарын коё турган турак жайы жок. Жакын туугандары да эч кандай мал-мүлккө ээлик кылбайт.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСаламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев былтыр 4 миллион 402 миң сом иштеп тапкан. Ошол эле учурда чыгашасы 3 миллион 116 миң сомду түзгөн. Ал 82 чарчы метрлик батирдин ээси. Жылкыларынын баасы 500 миң, бодо малынын наркы 1,4 миллион сомду түзөт. Үй эмереги 200 миң, тиричилик техникасы 150 миң сомго бааланат.

Жакын туугандары 16,3 миллион сом чогултуп, кайра эле 16 миллионго чыгым болгон. Аянты 176,9 чарчы метр болгон батирде жашайт. Баалуу кагаздарда жана ишкерликте 50 пайыздык үлүшү бар. Чолпонбаевдин үй-бүлөсү миллиондоп киреше таап, короо толо мал кармаганы менен бир да автоунаа алган эмес.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаФинансы министри Бактыгүл Жээнбаева
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бир жылда 936 миң сом тапкан. Аянты 56 чарчы метрлик батирге жана 36,4 чарчы метрлик үйгө ээлик кылат. Мындан башка өзүнүн да, жакын туугандарынын да байлыгы жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин бир жылдык кирешеси 590 миң сомду түзгөн. Коомдук тартипти тескеген генералдын 79,2 чарчы метрлик турак жайы бар. Андан башка эч кандай мал-мүлк жыйнаган эмес. Жакын туугандарынын 50,2 чарчы метрлик үйү, 8 сотых жер тилкеси бар. Бул үй-бүлө дагы автоунаа айдабай турганын айткан.

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморовӨзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахметов
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахметов

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахметов бир жылда 547 миң сом иштеп тапкан. Мындан башка эч кандай байлыгы жок. Жакын туугандары да киреше таппайт, өзүлөрүнө таандык оокат-жайы жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министри Эркинбек Чодуев
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев 2018-жылы министрдин орун басары болуп иштеген. Бул кызматка ушул жылдын май айында Нурбек Мурашевдин отставкасынан кийин дайындалган. Чодуев бир жылда 463 миң сом тапканын жазган. Toyota Highlander жана "Нива" үлгүсүндөгү автоунаалары бар.

Ал эми жакын туугандарынын эч кандай байлыгы жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бир жылда 373 миң сом киреше тапкан. Жарыяланган декларациясында турак жайынын аянты 1530 чарчы метр деп көрсөтүлгөн. Бирок министрликтин маалымат кызматы муну четке кагып жатат.

Жаманкуловдун жакын туугандарынын оокат-жайы тууралуу маалымат жазылган эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бир жылда 343 миң сом тапкан. Декларациясында айыл чарба багытындагы 162,5 гектар жердин ээси катары жазылган. Муну тактоо үчүн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Кочкоровдун өзү менен байланышты. Анда ал туура эмес маалымат жарыяланганын айтып, үйүнүн алдында 26 сотых огороду эле бар экенин айтты. Мындан башка өзүнүн да, жакын туугандарынын да эч кандай мал-мүлкү жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековЮстиция министри Марат Жаманкулов
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Марат Жаманкулов

Юстиция министри Марат Жаманкулов кызматка 2018-жылдын сентябрында дайындалгандыктан декларациясы тапшырылган эмес. Мындан улам мурдагы министр Айнур Абдылдаеванын мал-мүлкүн жазууну туура көрдүк. Ал бир жылда 511 118 сом тапкан, 48,7 чарчы метрлик батирдин ээси. 700 миң сомдук баалуу зер буюмдары бар. Эмерегинин баасы 500 миң сом, фото, аудио жана видео жазуу каражаттарынын наркы 300 миң сом. Тиричилик техникасы 400 миң сомго бааланган.

Жакын туугандары бир да мал-мүлккө ээлик кылбайт.

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев Экономика министри Санжар Муканбетов
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри Санжар Муканбетов

Экономика министри Санжар Муканбетов быйыл январь айында кызматка дайындалган. Андыктан 2018-жыл үчүн экс-министр Олег Панкратовдун декларациясы жазылган.

Панкратовдун жылдык кирешеси 699 миң сомго жеткен. 2003-жылы чыккан Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаасы бар. Баалуу кагаздарда жана ишканаларда 100 пайыздык, 33 жана 1,17 пайыздык үлүшү бар экени айтылды.

Жакын туугандары 2003-жылы чыккан Honda Inspire автоунаасын айдайт.

© Фото / пресс-служба ЖКБилим берүү министри Каныбек Исаков
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министри Каныбек Исаков

Билим берүү министри Каныбек Исаков үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында кызматка келген. Ага чейин министр болуп иштеген Гүлмира Кудайбердиева 2018-жылы 420 миң сом тапкан. Анын 92,3 чарчы метрлик батиринен башка эч кандай байлыгы жок.

Ал эми жакын туугандары бир да мал-мүлккө ээ эмес.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТранспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов
Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов 2019-жылдын башында дайындалган. Ага чейин Жамшитбек Калилов иштеген. Бирок эмнегедир экөө тең декларация тапшырган эмес.

Эске салсак, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0