ЖК комитети Малайзиядагы элчиликке Бекназаровдун талапкерлигин жактырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат в президенты КР, экс-депутат ЖК Азимбек Бекназаров
Кандидат в президенты КР, экс-депутат ЖК Азимбек Бекназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин профилдик комитети Малайзиядагы элчилик кызматка сунушталып жаткан Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жабык эшик артында карады.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кезектеги жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды.

Аталган комитеттин 12 мүчөсү Бекназаровдун талапкерлигин колдой турганын билдирсе, депутат Ирина Карамушкина жалгыз каршы добуш берген.

Комитеттин жыйыны жабык эшик артында өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0