16:42 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7000
  • EUR77.3008
  • RUB1.1268
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
223 0 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сын айткандарга билдирүү жасардын алдында маалыматты тактап, дааналап текшерип алуу керектигин сунуштады.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын эл аралык иштер боюнча палатасынын комитетинин жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезирдин билдирүүсүнө жооп кайтарды.

АКШнын эл аралык иштер боюнча палатасы Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага доо коюп, алардын банктык эсебинин камакка алынышын коркутуу жана ооздуктоо катары баалаган. ТИМ муну таң калуу менен кабыл алганын айтып, алгач маалыматты тактап, дааналап текшерип алуу керектигин сунуштады.

"АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча өкүлүнүн социалдык тармакка жазган билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Биз муну эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө жана сот бийлигине басым кылууга жасаган аракети катары баалайбыз. Өлкөдө ЖМКлардын ишмердүүлүгү эч качан чектелген эмес. Кыргызстан эл аралык милдеттемеде кабыл алынган сөз эркиндигин жана демократиянын принциптерин жактай турганын баса белгилейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезирдин үч басылмага жана журналистке коюлган доо боюнча тынчсызданып жасаган билдирүүсү менен ТИМ такыр макул эмес.

"Тышкы иштер министрлиги Арлем Дезирдин билдирүүсүн чыныгы кырдаалды аңдабаган субъективдүү пикир деп эсептейт. Мындай билдирүүнү Кыргызстандын сот бийлигине таасир этүүгө жасаган аракети катары сыпаттайбыз", — деп айтылат маалыматта.

Соңунда президент Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигинин корголушу, ошондой эле жарандык коомдун чыңдалышы өлкөнү өнүктүрүүдө башкы ролду ойнойт деген принципти карманарын белгилеген.

Белгилей кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү Azattyk радиосу, Kloop басылмасы, 24.kg маалымат агенттиги жана журналист Али Токтакуновдун алардын ар-намысына шек келтиргенин айтып, моралдык чыгым катары 60 миллион сом өндүрүүнү талап кылган. Ишти караган Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова ЖМКлардын банктык эсебинен доого коюлган сумманы камакка алган. Көп өтпөй эле кайра Матраимовдор арызын алары менен эсептери камактан чыгарылган.

Тема боюнча

Акыйкатчы Токон Мамытов Матраимовдордун доосун караган соттун чечимин сындады
Жээнбеков, Атамбаев жана агасынын Райым Матраимов тууралуу айткандары
Белгилер:
сөз эркиндиги, жооп, АКШ, ЕККУ, сын, Тышкы иштер министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ