Сооронбай Жээнбековдун башкы жан сакчысы алмашты. Ал тууралуу эмне белгилүү?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тогузунчу кызматтын башчысы президенттин коопсуздугуна жооп берет. Жээнбеков бул кызматтын жетекчисин үчүнчү ирет алмаштырууда.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. УКМКнын 9-кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Санжарбек Эркинбаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. 9-кызматтын жетекчиси УКМКнын төрагасынын орун басары рангында болот. Бул кызматтын башчысы президентти расмий иш-чараларда жана сапарларга чыкканда кайтарат.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент бир катар облустар менен райондордун сотторун дайындады. Тизме
Президенттин дагы бир буйругу менен мурдагы жан сакчысы Тимур Шабданбеков башка кызматка которулганына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулду. Ага чейин Жээнбековдун коопсуздугуна Токтосун Сабыров жана Дамир Мусакеев жооп берип келген. Жалпылап айтканда, 2017-жылдан бери УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы үчүнчү ирет алмашып жатат.

Санжарбек Эркинбаев буга чейин ушул эле кызматтын башчысынын орун басары, Улуттук гвардиянын 714-аскер бөлүгүнүн командири болуп иштеген.

Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан "Даңк" медалын алган. Азыркы мамлекет башчынын кол сааты менен сыйланган.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал
Жаңылыктар түрмөгү
0