Рысалиев өкмөткө: Грузияны туурайбыз деп жатасыңар, Саакашвили каякта?

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, парламент бүгүнкү жыйынында коррупция жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Грузияда реформаны ишке ашырган мурдагы президент Михаил Саакашвили каякта экенин сурады.

Белгилей кетсек, парламент бүгүнкү жыйынында коррупция жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Ликеро-водочный завод Джорджа Вашингтона в Маунт-Верноне - Sputnik Кыргызстан
Түрмөдө отургандар бешбармак жеп, виски ичип. Казакстандагы видео
Өз кезегинде депутаттын суроосуна биринчи вице-премьер Жеңиш Разаков жооп берип, Саакашвилинин кайда экени тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Талкуу учурунда Рысалиев өкмөт мүчөлөрү Грузиянын тажрыйбасын колдонобуз деп жатканын белгилеп, ал жакта реформа болгондо соттолгондор 8 миңден 25 миңге чейин көбөйгөнүн билдирди. Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаевге кайрылып, кылмышкерлердин саны көбөйсө. алар кайда кармаларына кызыкты.

"Урматтуу Мелис Турганбаев, бизде дагы кылмышкерлер төрт эсе көбөйсө алардын баарын түрмөгө батыра аласыңарбы? СИЗОдо азыр бир камерада 4-5 адам ашыкча отурат", — деди ал.

Турганбаев баарын батырса болорун белгиледи.

"Батырабыз, айла жок да. Анан талаага коё бермек белек", — деди ал.

Депутат кылмышкерлер көбөйсө абактардын канализациясы ошончолук жүктөмгө чыдайбы деп суроо салып, Турганбаевден "чыдайт" деген жооп алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0