Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары

Жазылуу
Бул депутаттардын автоунааны бул жакка кой, баш калкалай турган үйү да жок. Алар айлыгынан башка бир да киреше булагы жок экенин айтып жатышат. Жакын туугандары да ошол маянанын көзүн карап жашайт экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2018-жылга карата тапшырган декларациясына көз чаптырды. Анын арасынан итке минип жашаган эл өкүлдөрүн кездештирүүгө мүмкүн болду.

Бул депутаттар бир да мал-мүлккө ээлик кылбайт. Кызыгы, жакын туугандарынын да эч кандай байлыгы жок. Мындай эл өкүлдөрүнүн саны 14кө жетет.

Белгилей кетсек, декларацияда "жакын туугандары" деп көрсөтүлгөн категорияга аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-спикер Аида Касымалиева бир жылда 673 431 сом иштеп тапкан
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Вице-спикер Аида Касымалиева бир жылда 673 431 сом иштеп тапкан

Вице-спикер Аида Касымалиева бир жылда 673 431 сом иштеп тапкан. Мындан башка эч кандай киреше булагы жок. Жакын туугандары болсо бир дагы мүлккө ээлик кылбайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Муктарбек Айнакуловдун жылдык кирешеси 665 147 сом
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат Муктарбек Айнакуловдун жылдык кирешеси 665 147 сом

КСДП фракциясынын депутаты Муктарбек Айнакулов бир жылда 665 147 сом киреше чогулткан. Өзүнүн да, жакын туугандарынын да автоунааны мындай кой, баш калкалоочу турак жайы жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Айбек Алтынбековдун жылдык кирешеси 672 992 миң сомду түзөт. Айыл чарба багытындагы 7,5 гектар жери бар.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат Айбек Алтынбековдун жылдык кирешеси 672 992 миң сомду түзөт. Айыл чарба багытындагы 7,5 гектар жери бар.

"Республика — Ата Журт" фракциясы менен келип мандат алган Айбек Алтынбеков да жакыр депутаттардын катарын толуктайт. Анын жылдык кирешеси 672 992 миң сомду түзөт. Айыл чарба багытындагы 7,5 гектар жери бар. Мындан башка бир дагы мал-мүлкүн көрсөткөн эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Мирлан Жээнчороевдун бир жылдык кирешеси 1 миллион 167 миң сом болгону менен эч кандай мал-мүлкү жок.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат Мирлан Жээнчороевдун бир жылдык кирешеси 1 миллион 167 миң сом болгону менен эч кандай мал-мүлкү жок.

"Республика — Ата Журт" фракциясынан депутат болуп келген Мирлан Жээнчороев да итке минип жашайт. Бир жылдык кирешеси 1 миллион 167 миң сом болгону менен эч кандай мал-мүлкү жок. Жакын туугандары да киреше таппайт, мал-мүлккө да ээлик кылбайт.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Адыл Жунус уулунун депутаттык маянасынан башка оокат-жайы жок. Жылдык кирешеси 676 671 сом.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат Адыл Жунус уулунун депутаттык маянасынан башка оокат-жайы жок. Жылдык кирешеси 676 671 сом.

"Республика — Ата Журт" фракциясынын дагы бир мүчөсү Адыл Жунус уулунун депутаттык маянасынан башка оокат-жайы жок. Жылдык кирешеси 676 671 сом. Өзү да, жакын туугандары да эч нерсеге ээлик кылбайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутаттын декларациясында жылдык кирешеси 680 144 сом экени жазылган. Жакын туугандарынын киреше-чыгашасы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын декларациясында жылдык кирешеси 680 144 сом экени жазылган. Жакын туугандарынын киреше-чыгашасы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.

"Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Аида Исмаилова да эч кандай байлык топтобогонун айтат. Декларацияда жылдык кирешеси 680 144 сом экени жазылган. Жакын туугандарынын киреше-чыгашасы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Нодирбек Каримовдун жылдык кирешеси 701 793 сом
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат Нодирбек Каримовдун жылдык кирешеси 701 793 сом

КСДП фракциясынын депутаты Нодирбек Каримовдун үрүп чыгаар ити жок. Жылдык кирешеси 701 793 сом болгон. Мындан башка бир да мал-мүлккө ээлик кылбайт. Жакын туугандарында дагы ушундай эле көрүнүш.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Асел Кодуранова да, жакын туугандары да эч бир мал-мүлккө ээлик кылбайт. Бир жылда 945 363 сом тапкан.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат Асел Кодуранова да, жакын туугандары да эч бир мал-мүлккө ээлик кылбайт. Бир жылда 945 363 сом тапкан.

КСДПчылардын бири Асел Кодуранова да, жакын туугандары да эч бир мал-мүлккө ээлик кылбайт. Депутат маянадан чогулган 945 363 сомдук жылдык кирешеси менен гана жан багат.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат бир жылда 822 355 сом иштеп тапкан. Жакын туугандары да, өзү да мындан башка эч нерсеге ээлик кылбайт.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат бир жылда 822 355 сом иштеп тапкан. Жакын туугандары да, өзү да мындан башка эч нерсеге ээлик кылбайт.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат болгон Наталья Никитенко да декларациясына байлык жыйнабаганын көрсөткөн. Бир жылда 822 355 сом иштеп тапкан. Жакын туугандары да, өзү да мындан башка эч нерсеге ээлик кылбайт.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Зарылбек Рысалиевдин жылдык кирешеси 850 796, жакын туугандарыныкы 210 миң сомду түзөт
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат Зарылбек Рысалиевдин жылдык кирешеси 850 796, жакын туугандарыныкы 210 миң сомду түзөт

Мурдагы ички иштер министри, "Республика — Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон Зарылбек Рысалиев да итке минип жашат. Өзүнүн жылдык кирешеси 850 796, жакын туугандарыныкы 210 миң сомду түзөт. Мындан башка бир дагы мал-мүлкү жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвгения Строкованын да оокат-жайы жок. Бир жылда 654 284 сом иштеп тапкан.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Евгения Строкованын да оокат-жайы жок. Бир жылда 654 284 сом иштеп тапкан.

КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкованын да оокат-жайы жок. Бир жылда 654 284 сом иштеп тапкан. Жакын туугандарынын киреше булагы, мал-мүлкү жок экенин айткан.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Элвира Сурабалдиеванын мал-мүлкү жок экени жазылган. Жылдык кирешеси 723 131 миң сомду түзөт.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
Депутат Элвира Сурабалдиеванын мал-мүлкү жок экени жазылган. Жылдык кирешеси 723 131 миң сомду түзөт.

КСДПчы дагы бир депутат Элвира Сурабалдиеванын мал-мүлкү жок экени жазылган. Жылдык кирешеси 723 131 миң сомду түзөт. Жакын туугандары тууралуу маалымат жок.

© Фото / пресс-служба ЖК"Бир Бол" фракциясынын мүчөсү Дүйшөн Төрөкуловдун да декларациясында айлыктан башка эч нерсе көрсөтүлгөн эмес. Депутаттыктан тапкан акчасы 716 260 сом.
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
"Бир Бол" фракциясынын мүчөсү Дүйшөн Төрөкуловдун да декларациясында айлыктан башка эч нерсе көрсөтүлгөн эмес. Депутаттыктан тапкан акчасы 716 260 сом.

"Бир Бол" фракциясынын мүчөсү Дүйшөн Төрөкуловдун да декларациясында айлыктан башка эч нерсе көрсөтүлгөн эмес. Депутаттыктан тапкан акчасы 716 260 сом. Жакын туугандары да ушул акчанын көзүн карап жашайт.

Жакында эле Sputnik Кыргызстандын иликтөөсүндө чоң компаниянын негиздөөчүсү экени ачыкталган "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Руслан Чойбеков да кедей депутаттардын катарын толуктайт. Бир жылда 373 024 сом тапкан. Жакын туугандары, өзү да мал-мүлккө ээлик кылбайт. 

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша"Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Руслан Чойбеков
Жада калса үйү жок. Жогорку Кеңештин эң кедей депутаттары - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Руслан Чойбеков

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Үч үйүр жылкы, 500 кой-эчки. Өкмөт башчы Абылгазиевдин кандай байлыгы бар
Эске салсак, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Ал эми бул жактан депутаттар кандай автоунаа менен жүрө турганын көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0