35 жаштагы судья Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы болуп шайланды. Сүрөт

© © SputnikЫсык-Көл райондук сотунун төрайымы болуп дайындалган Мээрим Акматова
Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы болуп дайындалган Мээрим Акматова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары тиешелүү жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланышат.

ЫСЫК-КӨЛ, 29-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл райондук жана Каракол шаардык сотторуна төрага жана төрайым шайланды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге караганда, 14-ноябрда Каракол шаардык сотунун судьяларынын ачык добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен шаардык соттун төрагасы болуп 39 жаштагы Ильяс Иманбеков шайланган.

© © SputnikКаракол шаардык соттун төрагасы болуп шайланган Ильяс Иманбеков
35 жаштагы судья Ысык-Көл райондук сотунун төрайымы болуп шайланды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаардык соттун төрагасы болуп шайланган Ильяс Иманбеков

Ал эми 27-ноябрда Ысык-Көл райондук сотунун судьяларынын чогулушунда 35 жаштагы Мээрим Акматова төрайым болгон.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 24-беренесине ылайык, соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары тиешелүү жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0