Жээнбеков менен Мирзиёев кыргыз-өзбек мамилесинин келечегин талкуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанда Борбор Азия башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өтүп жатат. Тараптар стратегиялык кызматташуунун спектрлерин талкуулашты.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Ташкент шаарына барып кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эки өлкөнүн жетекчилери Борбор Азия башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусунун алкагында көрүштү.

"Жээнбеков менен Мирзиёев көп кылымдар бою достук жана ынак кошуналыкка негизделген кыргыз-өзбек мамилелериндеги динамикалуу өнүгүүнү канааттануу менен белгилешти. Алар эки тараптуу кызматташуунун келечегин, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек стратегиялык кызматташуунун бардык спектрлерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0