ЖККУнун башкы катчылыгына жаңы талапкер бекитилди

© Sputnik / Виктор ТолочкоКоопсуздук кеңешинин жетекчиси Станислав Зась. Архив
Коопсуздук кеңешинин жетекчиси Станислав Зась. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы катчы 2020-жылдын 1-январынан тарта кызматына киришет. Чечим Бишкекте өтүп жаткан ЖККУ саммитинде кабыл алынды.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин жетекчиси Станислав Зась Жамааттык коопсуздук келишим боюнча уюмдун башкы катчысы болуп дайындалат. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткарып жаткан Валерий Семериков билдирди.

"Бүгүн президенттер Станислав Засты куттукташты. Ал 2020-жылдын 1-январынан тарта уюмдун башкы катчысы кызматына киришет", — деди Семериков.

Уюмдун мурунку башкы катчысы Юрий Хачатуровго Армениянын Тергөө кызматы 2008-жылдын 1-мартындагы каршылык акциясынын катышуучуларын кууп таратуу боюнча кылмыш иштин алкагында конституциялык түзүлүштү кулатты деген айып койгон. Мындан улам ал кызматынан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0