ЖККУ тажик-афган чек арасындагы абалды жөнгө салууга жардам берет

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүТажик-афган чек арасындагы чек ара кызматкерлери. Архив
Тажик-афган чек арасындагы чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан менен Афганистандын чек арасындагы абал оор бойдон калууда. ЖККУнун жогорку жетекчилиги аракеттерди көрүүнү чечти.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюму Тажикстан менен Афганистандын чек арасындагы чыңалууну азайтат. Бул туурасында ЖККУнун башкы катчы Валерий Семериков билдирди.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ЖККУ саммитинде кол коюлган 15 документтин тизмеси
Анын айтымында, ЖККУнун жогорку жетекчилиги тажик-афган чек арасындагы, деги эле Тажикстанга чектеш аймактардагы чыңалууну чечүү башкы маселелердин бири деп эсептейт.

Саммитке катышып жаткан мамлекет башчылары тийиштүү чаралардын тизмеси каралган документтерге кол коюшту. Семериков ушул жылы ЖККУ Тажистандын аймагында окуу-машыгууларын өткөргөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0