Россиянын Сириядагы тажрыйбасын ЖККУнун башка мүчөлөрү да колдонууда

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Сириядагы аскерлери. Архив
Россиянын Сириядагы аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Семериков ЖККУнун тынчтык контингенти БУУдагы мандаты боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн даярдыктарды көрүп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россия аскерлеринин Сириядагы тажрыйбасын ЖККУга мүчө өлкөлөр машыгуу учурунда колдонууда. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал Бишкекте өтүп жаткан ЖККУ саммитинин жыйынтыктоочу бөлүгүндө сүйлөдү.

"Аскерий потенциалды бекемдөө тууралуу декларацияга ылайык, бир катар иш-чаралар уюштурулду. Мисалы, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Сириянын аймагында топтогон тажрыйбасы Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын аймагында өткөн машыгууларда колдонулду", — деди Семериков.

Ал ошондой эле иш-чаралардын жыйынтыгында куралдуу күчтөрдүн курамы жана ЖККУнун бөлүмдөрүндөгү жабдыктар кайрадан каралып, бүтүм чыгарылганын белгиледи.

Мындан сырткары, Семериков ЖККУнун тынчтык контингенти БУУдагы мандаты боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн даярдыктарды көрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0