Жээнбеков Евразиядагы коопсуздукту сактоодо Путиндин аракеттерин жогору баалады

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Россиянын заманбап курал-жарактар колдонулган машыгууларын көрүп, таасирленгенин айтты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия аймагындагы коопсуздукту камсыздоодо Россия менен Владимир Путиндин аракеттерин өзгөчө белгиледи. Мындай пикирин ал ЖККУнун Бишкекте өтүп жаткан жыйынында айтты.

Эске салсак, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити Бишкекте өтүп жатат. Ага Кыргызстан төрагалык кылууда.

"Жалпы Евразия аймагында коопсуздукту камсыздоодо Россиянын аракеттерин өзгөчө белгилеп кетишим керек. Анын мисалы катары, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык командалык-штабынын "Центр - 2019" машыгууларын айтсак болот. Заманбап техникаларды колдонуу менен Оренбург шаарында өткөн машыгууларга өзүм күбө болдум. Россиянын куралдарынын күчүн көрүп аябай таасирлендим", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле ЖККУнун аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо Владимир Путиндин кошкон салымын жогору баалады.

Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.

Жаңылыктар түрмөгү
0