12:20 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары (15)
323 0 0

Казак президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир нече документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго салам жолдогонун эки тараптуу кеңири жыйында айтты.

Белгилей кетсек, казак президенти Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди.

Кеңири жыйында Токаев Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинин жакшы жолго салынышына биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин да салымы чоң экенин айтып, Сооронбай Жээнбековго саламын жолдогонун билдирди.

"Ал сизге өзүнүн ысык саламын айтты. Мен аны сизге жеткирдим", — деди ал.

Токаев өз сөзүндө Жээнбековдун казак-кыргыз мамилесинин жакшырышына жасаган аракеттерин жогору баалай турганын айтты.

"2017-жылы сиз жана Назарбаев саясий эрк менен кыргыз-казак чек арасын толук тактадыңыздар. Бул өз кезегинде дүйнө коомчулугуна коңшулук мамиленин эң жакшы жетишкендиги экенин көрсөтө алды", — деди Токаев.

Казак президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир нече документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Тема:
Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары (15)

Тема боюнча

Токаев казак-кыргыз мамилесиндеги Жээнбековдун орду тууралуу айтты
Токаев: Кыргызстан капиталынын казак экономикасынын өнүгүшүнө ири салымы бар
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, Касым-Жомарт Токаев, Нурсултан Назарбаев, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ