Сурабалдиева Финполдун башчысына: тууганыңыз бар экен, кызматтан четтеп туруңуз

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева
 Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү тармактык комитеттин жыйынында журналисттик иликтөөдө Бакир Таировдун туугандарынын аты аталганын эске салды.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Финполдун башчысы Бакир Таировго Кыргызстандан чыгарылган миллиондор боюнча иликтөө жүрүп жаткан учурда кызматтан четтеп турууну сунуштады.

Эл өкүлү контрабанда боюнча болгон тармактык комитеттин жыйынында журналисттик иликтөөдө Таировдун тууганынын аты аталганын эске салды.

"Эмнегедир кызыкчылыктар кагылышы, аброй дегенди унутуп калып жатабыз. Иликтөөдө жакындарыңыздын аты аталып, чоң негатив жаратууда. Кылмыш иши козголду. Ушундан кийин Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматын жетектеп отурууга моралдык укугум бар деп ойлойсузбу? Кээ бир иштер бат козголуп, бат камалып жатат. Бул жерде ызы-чуу болуп, баарынын аты аталып атса деле билмексенге салып атабыз. Ушундан кийин тергөө бүткөнгө чейин аралашпай турушуңуз керек. Бул боюнча өзүңүздүн оюңуз кандай?" — деп сурады Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Искендер Матраимов Финполдун башчысын жарга такады
Ал эми Финполдун башчысы ансыз деле мыйзам боюнча тергөөгө аралаша албай турганын билдирди.

"2014-жылы мен башка системада иштегем. Ыраматылык иним бизнесмен болгон. Мен анын, ал менин ишиме аралашчу эмес. Бизде ушундай тартип бар", — деп жооп берди Таиров.

Депутат Финполдун башчысы өзүн акыйкаттуу, аброюн баарынан жогору койгон адам болсо тергөөгө шек жаралбашы үчүн кызматтан убактылуу четтеп турушу керектигин белгилеп сөзүн жыйынтыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0