Депутат Бекешев: президент Райым Матраимовду кармоого буйрук бериши керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү мындан ары унчукпай коё албастыгын айтып, бажы органдарын баш кылып, бардык укук коргоо органдарынын жетекчилерин алмаштыруу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Сооронбай Жээнбековдон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармоого буйрук бериши керектигин талап кылды. Ал мындай кайрылуусун өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппараты Матраимовдун айланасындагы иликтөө боюнча үн катты
Белгилей кетсек, ушу тапта журналисттердин жасаган иликтөөсү коомдо чоң резонанс жаратууда. Анда маркум Айэркен Саймаитинин ишмердүүлүгү, бир тууган Матраимовдор менен байланышы жана ири суммадагы акчанын Кыргызстандан чыгарылышы изилденген. Иликтөөдө журналисттер Саймаитинин өзү менен байланышып, негизги окуялардын өнүгүшүн өз оозунан угушкан.

Депутат Бекешев кайрылуусунда иликтөө жасаган журналисттер менен алардын жакындарынын коопсуздугу камсыздалышы керектигин белгилеген.

"Уюшкан кылмыштуу топ тарабынан кысым болбошу үчүн журналисттер менен анын жакындарынын коопсуздугун камсыздоо зарыл. Бажы органдарын баш кылып туруп укук коргоо органдарынын бардык жетекчилерин алмаштыруу керек. Себеби мамлекетте болуп жаткан бардык нерсеге тиешеси бар. Алар объективдүү иликтөөнү камсыздай албайт, андан сырткары, аларга эч ким ишенбей калды. Коом ишенген кишилерди дайындоо керек. Муну менен бирге расмий түрдө тыкыр иликтөө жүргүзүп, акчаны сыртка чыгаргандарды, шарт түзүп бергендерди жоопко тартуу керек", — деди ал.

Эл өкүлү мындан ары унчукпай коё албастыгын айтып, тургундарды #матрстангакаршымын деген хештег менен социалдык тармакта митинг уюштурууга чакырды. Эгер мындан майнап чыкпаса, андан ары кандай аракет кылуу керектигин ойлоно турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0