Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаевдин кандай байлыгы бар?

© Фото / пресс-служба ГТСБажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев. Архив
Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий документте көрсөтүлгөндөй, Бажы кызматынын төрагасы өзү да, жакын туугандары да жакыр жашайт, жада калса автоунаасы жок.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев 2018-жылга карата тапшырган декларациясында бир бөлмөлүү батиринен башка эч кандай мүлкү жок экенин жазган.

Документке ылайык, Торутаевдин жылдык кирешеси 825 086 сомду түзгөн. Ал эми батиринин аянты 39 чарчы метр. Мынчалык көлөмдөгү үй бир бөлмөлүү экенин түшүндүрөт.

Декларацияда мындан башка бир да мал-мүлк көрсөтүлгөн эмес. Жакын туугандары да эч нерсеге ээлик кылбайт, киреше да таппайт.

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Бир тууган Матраимовдор бир жылда канча акча тапкан? Декларация
Алтынбек Торутаев 2018-жылдын августуна чейин Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, андан кийин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми төрагалыкка үстүбүздөгү жылдын 5-августунда дайындалган.

Жакын туугандарына — аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0