Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин эмне мал-мүлккө ээ экени айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын өзүнүн үйү жок, ал эми жакын туугандарынын кирешеси, ээлик кылган мал-мүлкү тууралуу жазылган эмес.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир жылдык кирешеси 803,6 миң сомду түздү. Бул тууралуу Салык кызматы 2018-жылга карата жарыялаган саясатчылардын декларациясында жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбековдун кирешеси бир жылда 3 эсе азайып кетти
Анда Абжалиевдин жеке турак жайы жок экени айтылат. Өзүнө таандык болгон Toyota Land Cruiser автоунаасын, 702 миң сомго бааланган бодо малын жана 378 миңдик кой-эчкисин көрсөткөн. Декларациядагы маалымат боюнча мындан башка мал-мүлк жыйнаган эмес деп түшүнүүгө болот.

Ал эми жакын туугандарынын кирешеси, ээлик кылган мал-мүлкү тууралуу жазылган эмес.

Алиярбек Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0