Жээнбеков ТИМге экологиялык дипломатияны күчөтүү тапшырмасын койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков выступает на форуме "75 лет Министерству иностранных дел"
Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков выступает на форуме 75 лет Министерству иностранных дел  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыргыз дипломатиясына 75 жыл болду. 1944-жылы 17-мартта Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин элдик комиссариатын түзүү боюнча мыйзам кабыл алынган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуунун жыйынтыктары жана келечеги" форумунда айтты.

Президент Тышкы иштер министрлигинин басып өткөн жолу, элчилик вазийпа тууралуу айтып, СССР доорундагы, эгемендүүлүк алгандан кийинки тарыхына токтолду. Кыргызстан өзгөчө экотуристтик потенциалы бар экенин, андыктан экологиялык таза өлкө статусун сактоого жана өнүктүрүүгө, аны улуттук брендге айлантуу ниетинде иштер болуп жатканын белгиледи.

"Экологиялык дипломатия — жаратылышты коргоо, экологиялык кризистердин алдын алуу, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизчү иш-аракеттерди болтурбоо багыттарында чет өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу кызматташтыкты билдирет. Жогоруда белгиленген багыттардын баарын тең камтыган экологиялык дипломатия боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну өкмөткө сунуштайм", — деди президент.

Кыргызстандын тышкы иштер министирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых
Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун курамына кирүү тарыхына, бул уюмга мүчөлүк мамлекет үчүн канчалык маанилүү экенине токтолду.

Мындан тышкары, кыргыз дипломатиясы калыптанган учурдан бери өлкө Россия сыяктуу туруктуу жана достук мамиледеги стратегиялык өнөктөш күтө алганы маанилүү экенин белгиледи.

Эске салсак, быйыл кыргыз дипломатиясына 75 жыл болду. 1944-жылы 17-мартта Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин элдик комиссариатын түзүү боюнча мыйзам кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0