Адис: Европанын доору бүтүп, тизгин Азиянын колуна тийди

© Sputnik / Юрий КорсунцевГермания-россиялык форумунун илимий директору Александр Рар
Германия-россиялык форумунун илимий директору Александр Рар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самаркандда "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун X азиялык конференциясы өтүп жатат. Иш-чарага Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Германия, Индия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Филиппин, Швеция жана Япониядан 70тей адис катышып жатат. 

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк өнүгүү борбору Батыштан Чыгышка көчөт. Мындай пикирин Sputnik агенттигине Германия-россиялык форумунун илимий директору Александр Рар Өзбекстанда өтүп жаткан "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун X азиялык конференциясында билдирди. 

"Бүгүн Ири Азия тууралуу жөн гана кыялданбастан, ишенимдүү түрдө кеп кыла берсек болот. Азыр жаңы альянстар, экономикалык байланыштар, эркин соода аймактары түзүлө баштады", — деди Рар.

Анын айтымында, Ири Азияга "Батыштан баш тартып" Түркия, "эки-үч жыл мурда эле АКШ менен кызматташууга артыкчылык берип келген" Филиппин менен Вьетнам келип кошулду.

"Азияда буга чейин адам баласынын тарыхында болуп көрбөгөн эң ири экономикалык алкак түзүлүп жатат. Ал бүткүл дүйнөлүк экономиканын 50 пайызына барабар. Бул экономикалык процесстердин арты менен келечекте дүйнөнү тартипке келтире турган саясий институттар, аскердик бирикмелер ишке кирет", — деди адис.

Директордун пикиринде, Азия дүйнөдө тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн эң татаал жана көйгөйлүү өлкөлөр менен тил табышууга аракет кылат. 

Попов: продвижению ИГ в Кыргызстан помешают талибы и ОДКБ  - Sputnik Кыргызстан
ФСБ: "Ислам мамлекети" борбор азиялык согушкерлер Афганистанда плацдарм курууда
"Балким азыр чындап эле Европанын доору өтүп бараткандыр, эми мындан кийинки тарыхты Азия "жазат". Дүйнөдө жаңы тартип, жаңы эрежелер орнойт. Буга чейин Батыш бардыгын либералдык көз караш менен жөнгө салууга аракет кылган. Эми бардыгы башкача болот. Ар бир өлкө ири системага диалогдун негизинде кошулуп, анын каада-салты, мүмкүнчүлүктөрү сөзсүз эске алынат", — деди Рар.

Ушул тапта Самаркандда "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун X азиялык конференциясы өтүп жатат. Темасы — "Борбордук Азия жана Евразия: ири башаламандыкка каршы туруу үчүн көп тараптуу кызматташуулар".

Иш-чарага Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Германия, Индия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Филиппин, Швеция жана Япониядан 70тей адис катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0