09:29 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук комитетин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев. Архив

Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин Кыргызстанды башкарган жылдарына баа берди

Предоставлено Центральным Госархивом КР
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
58 0 0

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Турдакун Усубалиев өлкөнү башкарган 1961-1985-жылдар  — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган "алтын доор". Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанатта айтты.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

"Бүгүн биз сөз кылып жаткан жылдарда Кыргыз ССРинин экономикасы гана эмес, жалпы эле бардык чөйрөлөрү мурда болуп көрбөгөндүй өсүп-өнүктү. Айрым бир өлкөнүн экономикасы жогорку темп менен өнүксө "экономикалык керемет" жаралды деп таң калып, анын себебин издеп, кайра-кайра жазып келишет. Ал эми Усубалиевдин учурунда биздин республикада айыл чарбада, өнөр жайда, энергетикада, саламаттык сактоодо, илим-билимде, маданиятта, дээрлик бардык чөйрөдө өнүгүүнүн керемети орун алды", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы мисал катары Токтогул, Күрп-Сай, Шамалдуу-Сай, Үч-Коргон ГЭСтеринин пайдаланууга берилгенин айтты. Андан сырткары, Ош — Фрунзе жолунун курулушу аяктаганын, Жамбыл — Талас — Суусамыр, Ош — Сары-Таш — Карамык жолдору курулганын кошумчалады.

© Sputnik / Даниил Сулайманов
"Ошол жылдары "Манас" эл аралык аэропорту, "Ала-Тоо" аянты, Улуттук филармония, Кыргыз драма театры, Орус драма театры, өкмөт үйү, Илимдер академиясы, Борбордук китепкана, Тарых музейи, Борбордук цирк, коопсуздук жана коргонуу органдарынын имараттары курулуп, ишке киргизилгенин бүгүн ушул жерде отургандардын ичинде көпчүлүгүбүз көргөнбүз", — деди ал.

Усубалиевдин тушунда маданият да өнүккөнүн айтып, "Социалисттик эмгектин баатыры" жана "СССРдин эл артисти" наамын алган маданият кызматкерлеринин саны артканын белгиледи.

Тема боюнча

Жээнбеков Усубалиевдин атын Бишкектин бир районуна берүүнү сунуштады
Белгилер:
салтанат, маараке, Сооронбай Жээнбеков, Турдакун Усубалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ