Суракматов мэриянын эки аткаминерине сөгүш жарыялап, эскертүү берди

© Sputnik / Табылды КадырбековПрогулка мэра Бишкека по Октябрьскому району
Прогулка мэра Бишкека по Октябрьскому району - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр Муниципалдык менчик башкармалыгынын ишин сынга алып, берилген тапшырмалар убагында аткарылбай жатканына нааразы болду.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкек мэри Азиз Суракматов мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевге эскертүү берип, Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаевге сөгүш жарыялады.

Бишкекте дагы эки жаңы парк курулат. Көрүнүшү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дагы эки жаңы парк курулат. Көрүнүшү видеодо
Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, калаа башчысы муниципалдык мүлктүн электрондук реестрин ишке киргизүү боюнча тапшырма убагында аткарылбаганына нааразы болгон.

Суракматов Бишкектин мүлкү тууралуу маалыматтын бардыгы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ачык болушу керектигин белгилеген. Ал ошондой эле Муниципалдык менчик башкармалыгы киреше алып келбей жатканы менеджменттин жоктугунан кабар берерин кошумчалаган.

Тынаевге муниципалдык менчик мүлккө инвентаризация жүргүзүп, башкалар "басып" албашы үчүн каттоого алынбаган бардык объектилерди мыйзамдаштыруу тапшырмасы берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0