Жогорку Кеңештин депутаттары бул жума жыйынга чогулбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
дүйшөмбүдөн шаршемби күнгө чейин аймактарда шайлоочулар менен жолугат. Ал эми бейшемби менен жума күндөрү — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 4-5-6-ноябрда өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барат. Бул тууралуу токтом кабыл алынганы парламенттин сайтында маалымдалды.

Ал эми 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү бейшемби жана жума күндөргө туура келет. Андан кийин ишемби жана жекшемби болуп кетет.

Эске салсак, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө 2017-жылы президенттин Жарлыгы менен кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0