Матраимов, Атамбаев, шайлоо, коррупция... Жээнбековдун жооптору

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда Кыргызстандагы ЖМК жетекчилери менен жолукту. Жалпысынан бул жыйынга 42 журналист катышты. Анда президент сот реформасы, коррупцияга каршы күрөш, ички саясий абал, экономика сыяктуу тармактар боюнча суроолорго жооп берди.

"Эч кимди аябайм"

Суроо-жооп форматында өткөн жыйында Жээнбековго "Сиз сот реформасын жүргүзүп жаткан бешинчи президентсиз. Бирок укук коргоо жана сот органдары реформаны ишке ашыргысы келбей жаткандай. 2021-2022-жылдары жыйынтыгын көрө алабызбы?" деген суроо берилген.

Президент сот реформасы боюнча иштеп жаткан жумушчу топко эксперттер, тажрыйбасы мол адистер тартылып жатканын белгиледи.

"Реформаны жүзөгө ашырууга аябай катуу талаптар коюлат, эч кимди аябайм! Бул процессти жеке өзүм көзөмөлгө алгам. Сот системасында ачык-айкындуулукту орнотобуз. Антпесек Кыргызстан эффективдүү өнүгүү жолуна түшө албайт", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле ар кандай себептерден улам реформа аягына чыкпай калат деген кооптуулук бар экенин белгилеп, бирок бүтүрүүгө дарамети жетерин билдирди.

Матраимовдор...

Гид по Бишкеку: здание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Акчалуулар депутат боло албай калабы? Шайлоо босогосун төмөндөтүү тууралуу
Сооронбай Жээнбеков Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мүлкү жөнүндөгү маалыматтар чет өлкөдөн да такталып жатканын айтты.

Анын айтымында, Матраимовдун өзү да, бир туугандары да текшерилип, февралдан бери иш жүрүп жатат.

Мамлекет башчысы ЖМК өкүлдөрүнө коррупция тууралуу сөз болгондо факты менен сүйлөөнү сунуштап, аны менен күрөшүүдө эч ким кечирилбей турганын белгиледи.

Кой-Таш окуясы, экс-президенттин кол тийбестиги

Жолугушууда президентке Кой-Таш окуясы боюнча суроо берилип, "7-апрелде ишке ашпай калган окуя боюнча күч түзүмдөрүнөн кимдир бирөө жазаланышы керекпи?" деген собол узатылды.

Жээнбеков учурда атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатканын айтып, жеке оюн билдирсе туура эмес болуп каларын белгиледи. Себеби жеке пикирин билдире турган болсо, "ишке кийлигишип жатат" дегендер болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, экс-президенттердин кол тийбестигинин алынышы боюнча пикирин билдирди.

"Мен дагы өз келечегимди ойлошум керек, кийин мага да суроолор жаралбагыдай иштешим кажет. Кол тийбестик болсо президент кезиңде каалаганыңды калчоого жол ачат. Менин да үй-бүлөм бар, менден кийин да бирөө келет. Эми мен да туура эмес иш жасасам, тиешелүү жазаны алам. Ошондо гана өлкөдө тартип болот", — деди президент. 

"Ата-Түрк" паркындагы жери

Судебное заседание по мере пресечения в отношении Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Сеид Атамбаевге таандык "Автомаш-Энерго" текшерилип, документтери алынды
Бишкектин чок ортосундагы "Ата-Түрк" паркынан жер тилкелери учурунда бир катар аткаминерлерге берилип кеткени маалым. Убагында мындай жер тилкеси Жээнбековго да берилген. ЖМК жетекчилери менен болгон жолугушууда президент ушул боюнча да жооп берди.

"Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп турган кезде парктан жер тилкеси берилген. Бирок мен ал жерге үй салган эмесмин. Ал убакта балдарым жаш болчу, үч бөлмөлүү батирде жашачубуз. Турак жай курууга муктаждык жок эле. Кийин оппозицияга өттүм, 2007-жылы Ошко кеттим. Ошондо менин жер тилкем башка бирөөгө берилген. Ал дароо эле сатып жибериптир. Кийин мага компенсация төлөнгөн", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле далилдөөчү документтери бар экенин айтып, кызыккандар болсо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бийликтеги туугандары тууралуу

Жээнбеков эл кландык башкарууну баштан өткөргөнүн айтып, андайга жол бербей турганын белгиледи.

"Мен кландык башкарууга, аялы, балдары аралашкан саясатка күбө болгом, андайга жол бербейм. Мен такыр башкача тарбия алгам. 12 жылдан бери намаз окуйм. Биз бир туугандар бири-бирибиздин ишибизге эч качан аралашпайбыз, бирок керек болгон учурда жардам беребиз. Менин туугандарым аркылуу кайсы бир ишин бүтүрүүгө аракет кылгандарга да чара колдоном. Эгер туугандарым кайсы бир ишке аралашып жаткан фактылар болсо айткыла! Жаңылыктарды көрүп, гезиттерди окуп турам, кабардар болом", — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин 11 бир тууган экенин, анын 8и азыр бар экенин айткан. Учурда агасы Жусупбек Шарипов — Кыргызстандын Украина, Молдова, Румыния жана Болгариядагы элчиси. Иниси Асылбек Жээнбеков — Жогорку Кеңештин депутаты.

Кайрадан президент болуу ниети жана шайлоо босогосу тууралуу

Президент Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүп, президенттик укуктарды кеңейтүү боюнча эч кандай аракеттер көрүлбөй турганын айтты.

"Президенттик мөөнөтүмдү узартуу үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча эч кандай референдум өтпөйт. Менин максатым — өз мөөнөтүмдү иштеп бүтүп, бийликти жаңы президентке өткөрүп берүү", — деди ал.

Шайлоо босогосу тууралуу

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
Кой-Таштагы биринчи операция үчүн күч түзүмдөрү жазаланабы? Жээнбековдун жообу
Жээнбеков шайлоо босогосу тууралуу пикирин коомдо жана парламентте болуп жаткан талкуулардан кийин билдирерин айтты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга чейин түшүрүүнү сунуштап жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоордун негиздемесинде шайлоо босогосу алгач 5 пайыздан 7 пайызга чейин көтөрүлүп, 2017-жылы босого чеги 9 пайызга чейин жогорулатылганы жазылат. Эгер 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого чеги колдонулганда, азыркы парламентке "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары өтпөй калмактыгы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0