Жээнбеков кайрадан президент болор-болбосу тууралуу айтты

Жазылуу
ЖМК жетекчилери менен жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. Иш-чарага 45 ЖМКнын өкүлү чакырылган.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтпөйт, президенттик укуктарды кеңейтүү үчүн эч кандай аракеттер көрүлбөйт. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ЖМК жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

Иш-чара суроо-жооп форматында өткөн. Жээнбековго "Планыңызда президенттик укуктарыңызды кеңейтүү боюнча референдум өткөрүү, Конституцияны өзгөртүү барбы?" деген собол берилген.

"Президенттик мөөнөтүмдү узартуу үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча эч кандай референдум өтпөйт. Менин максатым - өз мөөнөтүмдү иштеп бүтүп, бийликти жаңы президентке өткөрүп берүү", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Конституция боюнча Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0