Токаев Кыргызстанга келгенде эмне маселе талкууланат. ТИМ маалымдады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке
Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Совета глав государств – членов ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президентинин Кыргызстанга сапары ноябрь айында болору айтылууда. Кыргыз ТИМинин башчысы коңшу өлкөнүн башчысынын сапары туурасында айтып берди.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга сапарында Мамлекеттер аралык жогорку кеңештин кезектеги жыйыны болушу күтүлүп жатат. Бул туурасында Кыргыз ТИМинин башчысы Чыңгыз Айдарбековдун Казакстандын тышкы саясат боюнча министрлигинин сайтында жарыяланган маегинде айтылган.

Токаевдин Кыргызстанга ноябрь айында келе турганы маалым болгон. Анын айтымына караганда, мамлекеттер ортосундагы үч жылдык алаканы караган Кызматташуунун комплекстүү программасына кол коюлушу мүмкүн. Анда бардык тармак камтылган. Мындан сырткары, маанилүү делген эки тараптуу документтерге кол коюлушу мүмкүн.

"Боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушуу абдан маанилүү. Ал кыргыз-казак мамилесин жаңы өңүткө чыгарып, андан сырткары, эки тараптын стратегиялык өз ара кызматташуусун тереңдетүүгө түрткү берет", — деген министр.

Токаев Кыргызстанга президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0