Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген алака боордош эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деген ишенимин билдирген.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын күнү менен өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганды куттуктаган телеграмма жолдоду. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге да токтолгон.

"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман улуттук майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкка жана ишенимге негизделген алака боордош эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Эки тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө жеке салымыңызды кошуп, колдоо көрсөтүп жатканыңызга зор ыраазычылык билдирем", — деп белгиленген куттуктоодо.

Жээнбеков Эрдоганга жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, ишине ийгилик, ал эми Түркия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0