Москвада КМШнын премьерлеринин жыйыны башталды

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседании Совета глав правительств СНГ
Премьер-министр РФ Д. Медведев принял участие в заседании Совета глав правительств СНГ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуулар алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңири курамда уланат. Жыйынга 10 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды. Ага премьер-министрлер менен делегация башчылары катышууда.

Жолугушуу "Сколково" инновациялык борборунда өтүп жатат. Кыргызстандын атынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда.

Рабочий визит Сооронбая Жээнбекова в Японию - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Япониянын премьери менен биринчи жолу жолукту
Өкмөт башчылар кийин кеңири курамда жолугуп, ар бир делегациядан тогуз киши катышат. Жыйынтыгында бир нече документке кол коюлуп, жыйынтыктоочу маалымат жыйыны уюштурулат.

Күн тартибинде негизинен 19 маселе бар.

Белгилей кетсек, бул жыйынга Азербайжандын, Белоруссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын премьер-министрлери, Армения менен Түркмөнстандын вице-премьерлери келди. Молдованын атынан экономика жана инфраструктура министри катышууда.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинде ЕАЭБдин премьерлери жолугушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0