КСДП мүчөсүнүн Асылбек Жээнбеков боюнча кайрылуусу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков. Архив
Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-октябрда Башкы прокуратурага КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбековдон интернет-кайрылуу келип түшкөн. Ал экс-спикерди Жазык кодексинин эки беренеси менен жоопко тартууну жазган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбековдон экс-спикер Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратурага түшкөн интернет-кайрылуу Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады.

Спикер ЖК Асылбек Жээнбеков Шарипович  - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбеков КСДПга качан жана кандай шартта келгенин айтты
Башкы прокуратурадан 21-октябрда Султанбековдон экс-спикер Асылбек Жээнбековду Кылмыш кодексинин 304  ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 316-беренесинин ("Шалаакылык") негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча интернет-кайрылуу келип түшкөндүгүн белгилешти.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Султанбеков мурдагы спикер Жогорку Кеңештин регламентинин жоболорунун бирин бузду деп эсептеген.

22-октябрда аталган кайрылуу Аскер прокуратурасына Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысын  иликтөө ишинин алкагында кароого жөнөтүлгөнү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0