22:56 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив

Ишкерден акча доолады деген өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары иштен четтеди

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
196 0 0

Бир катар ЖМКлар Бакыт Калмуратов менен Финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев аткезчилик жол менен келген канаттуулардын эти боюнча кылмыш ишин козгобоо үчүн бишкектик ишкер Эмир Эмилкановдон ири суммадагы акча талап кылганын жазган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Советник Премьер-министра Кыргызской Республики Бакыт Калмуратов
© Пресс-служба правительства КР
Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратов

Абылгазиев териштирүү учурунда Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолор боюнча укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүшү керек деп эсептейт.

Эске салсак, бир катар ЖМКлар Бакыт Калмуратов менен Финполдун жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев аткезчилик жол менен келген канаттуулардын эти боюнча кылмыш ишин козгобоо үчүн бишкектик ишкер Эмир Эмилкановдон ири суммадагы акча талап кылганын жазган. Бул тууралуу маалымат быйыл март айында эле тараган. Ошондой эле ЖМКлар УКМКга шилтеме берип, тергөөчүлөр дагы ишкер Эмир Эмилкановдон жок кылына турган товарын кайтарып берүү үчүн 50 миң доллар сурашканын жазган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

ИИМ милиционерлердин массалык түрдө иштен алынышына жооп берди
Белгилер:
кызматтан кетүү, өкмөт, пара

ЭҢ МААНИЛҮҮ