Конституциялык палата Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышынын мыйзамдуулугун карайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики
Здание Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев тергөөнүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, сотко дагы келбей жатат. Ал өзүнүн кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Конституциялык палата 23-октябрда Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы канчалык мыйзамдуу экенин карайт. Бул тууралуу КСДП партиясынан кабарлашты.

Ага ылайык, Конституциялык палатага Жогорку Кеңештин беш депутаты — Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадил Мадеминов, Анвар Артыков, Карамат Орозова жана КСДПнын өкүлдөрү Таалайбек Усубалиев менен Нурбек Касымбеков кайрылган. Алар Атамбаевдин экс-президент макамын жокко чыгарган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча арызданышкан. Конституциялык палатага кайрылгандар бул аракет Конституцияга жана бир катар эл аралык документтерге каршы келерин белгилешкен.

Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы жана кармалышы

Заседание Высшего Евразийского экономического совета на уровне глав государств (ВЕЭС) - Sputnik Кыргызстан
Сот Батукаевдин ишин Атамбаевсиз карамай болду
13-июнда Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал мурдагы президенттин алты кылмыш ишине тийиштиги бар болушу ыктымал деген корутунду чыгарган. Парламент бул корутундуну 20-июнда колдоп, аны Башкы прокуратурага жолдогон. 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алты иштин бешөө боюнча кылмыш козгоого негиз бар экенин билдирип, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан

Бирок Алмазбек Атамбаев парламенттин мындай чечимин Конституциялык палата карап чыгышы керектигин айтып, тергөөгө күбө катары баруудан баш тартып койгон.

Мындан улам 7-8- августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0