Жээнбеков менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы маселени талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОчередное заседание Совета глав государств СНГ в Ашхабаде
Очередное заседание Совета глав государств СНГ в Ашхабаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.  Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Военные учения кыргызских и узбекских пограничников - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арачылары "душмандарга каршы" машыгуу өткөрдү. Сүрөттөр
Жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы жана аны чыңдоо, анын ичинде чек ара кызматташтыгы да талкууланган.

Эки өлкөнүн президенттери жакынкы келечектеги кызматташуунун артыкчылыктуу пландарын сүйлөшкөн.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешкендиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0