Аида Касымалиева Ирина Карамушкинага: эки жүздүүлүктүн чеги болушу керек!

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Аида Касымалиева
Депутат ЖК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымалиева Карамушкина күнөөлүү тараптын жоопкерчилигин күнөөсү жок жакка оодара салышы адамгерчиликке дагы, депутаттын ыйгарым укуктарына да туура келбей турганын билдирди.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева депутат Ирина Карамушкинага кайрылып, эки жүздүүлүктүн да чеги болушу керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Карамушкина бүгүнкү жыйында укук коргоо органдары жай тургундар менен депутаттардын да укуктарын бузуп жатканын айткан болчу. Андан сырткары, Кой-Таш окуясынан кийин анын телефонун милиция тартып алып, ушул кезге чейин бере электигин билдирген.

"Эгер Кой-Таштагы окуядан кийин сиздин телефонуңузду тартып алса, Өктөм эженин баласы өлдү. Неберелери атасыз калды. Самат Курманкулов эми өзүнө келип жатат. Баарыбыз тең адам өлтүргөндөр, барымтага алгандар же адам өлтүрүүгө аракет кылгандар кимдер экенинин так аныкталышына кызыкдарбыз", — деди ал.

Депутат ЖК Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
Ирина Карамушкина парламенттен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды
Касымалиева ошондой эле Карамушкина күнөөлүү тараптын жоопкерчилигин күнөөсү жок жакка оодара салышы адамгерчиликке дагы, депутаттын ыйгарым укуктарына да туура келбей турганын билдирди.

"Ким гана болбосун — мурдагы президентпи, мурдагы депутатпы, азыркы депутатпы, бардыгы мыйзам алдында бирдей. Сиз телефонуңуз тууралуу айтып жатасыз. Эмне айтып жатканыңызды ойлонуңуз! Сиздин эки жүздүүлүгүңүздүн чеги да болушу керек", — деди Касымалиева.

Дагы бир депутат Айнуру Алтыбаева да Карамушкинанын айткандарын сынга алган болчу.

Өз кезегинде депутат Ирина Карамушкина сөз сурап, төрагадан эмне үчүн башка депутаттар анын айткандарына пикирин билдирип жатканын сурады. Спикер Дастан Жумабеков Карамушкина процедуралык маселе боюнча сүйлөбөй жатканын айтып, микрофонун өчүрүп салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0