Владимир Путин 67 жашта. Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши Владимир Путин менен. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши Владимир Путин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери 1952-жылы 7-октябрда Санкт-Петербург шаарында туулган. Жээнбеков ага бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билгендигиңиз, масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп-өсүүсүнө багытталгандыгы Россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкты", — деп айтылат куттуктоодо.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Ушуну менен токтоп калбайбыз! Жээнбеков мугалимдерди куттуктады
Ошондой эле Жээнбеков эки өлкөнүн көп кылымдык достугу мындан ары дагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына ишенерин айтты. Куттуктоосунун аягында ал Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Россия лидери 1952-жылы 7-октябрда Санкт-Петербург шаарында туулган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0