16:03 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Чек ара. Архив

Өзбекстан менен Түркмөнстан чек арасын толук тактоого камынып жатат

© AFP 2019 / NIKOLAY DOYCHINOV
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
72 0 0

Эки мамлекеттин делегацияларынын Каракалпакстан Республикасынын борборунда болгон жолугушуусунун жыйынтыгында макулдашыла элек жерди демаркациялоо боюнча документ даярдалган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өзбекстан менен Түркмөнстан чек араны демаркациялоо боюнча документ даярдады. Эми ал парламенттер аралык комиссиянын жыйынында макулдашылышы керек. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ага ылайык, Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукус шаарында эки мамлекеттин чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы жыйынга чогулган.

"Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар демаркация боюнча нормативдик-укуктук жана техникалык документтерди иретке келтирип, аны өзбек-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясына алып чыгуу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

СССР урагандан кийин Орто Азиядагы бир нече мамлекеттин чек арасы такталбай келет. Бүгүнкү күнү өзбек-түркмөн чек арасынын жалпы узундугу 1 650 чакырымды түзөт. Ташкент менен Ашхабад демаркация боюнча алгачкы макулдашууга 2000-жылы кол койгон. Арадан 17 жыл өтүп Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин чек араны тактоо аракети жанданган.

Мындай маселе Кыргызстанда да бар. Кытай жана Казакстан менен чек арасы толугу менен такталып бүтсө, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек аранын айрым такталбаган тилкелери бар. Мындан улам чектеш жашаган эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер болуп келет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

Чыр чыккан Максат айылында кыргыз-тажик жаштары футбол ойноду. Видео
Кыргызстандын коңшулар менен эмне талашы бар. Чек ара боюнча атайын өкүл менен маек
Үзөңгү-Кууш Кытайга кантип өткөн? 1,5 кылымдык сүйлөшүүнүн тарыхы
Белгилер:
макулдашуу, документ, демаркация, чек ара, Түркмөнстан, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ