Чодуевдин калпы чыктыбы? Россия Кыргызстандын 118,7 тонна азыгын артка кайтарды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч күн мурда эле айыл чарба министри ЕАЭБ мамлекеттерине жөнөтүлгөн товарларды чек арадан өткөрбөй койгон фактылар жок экенин билдирген.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Россия Кыргызстандан алып бара жаткан 118,7 тонна айыл чарба продукциясын артка кайтарды. Бул туурасында маалымат Россельхознадзордун расмий сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, үч күн мурун Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева: "ЕАЭБге кирген мамлекеттер Кыргызстандын канча айыл чарба продукциясын өткөрбөй артка кайтарды?"- деп сураган. Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев "эч кандай кайрылып келген жок" деп жооп берген. Муну уккан депутаттар таң калып, министр жалган сүйлөп жатканын белгилешкен.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрдан 3-октябрга чейин Россельхознадзордун Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Россиянын федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте Казакстан менен чектешкен бекеттерден мыйзамсыз товар ташып бараткан автоунааларды токтоткон.

Мясоперерабатывающий комбинат в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда этти кайра иштеткен 296 ишкананын үчөө гана стандартка төп келет
Текшерүүдөн кийин Кыргызстандан бара жаткан 20 тонна кургатылган мөмө-жемишти фитосанитардык сертификаты туура эмес деп артка кайтарган. Карантиндик-фитосанитардык талаптарга жооп бере турган документтери жок 19,6 тонна болгар калемпири жана 78,9 тонна жүзүм, анар, күрүч, курма, грек жаңгагы, кургатылган мөмө-жемиш Россияга кирбей калган.

Ошондой эле бул күндөрү Казакстандан бара жаткан 241,3 тонна товар да артка кайтарылганы айтылат.

Мындан сырткары, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин сайтында 15-21-июль күндөрү Кыргызстандан алып бараткан 500 килограмм алча, 22 тонна пияз жана 10,4 тонна мөмө-жемиш артка кайтарылганы жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0