Нарын шаарынын мэри болуп мурдагы вице-мэр шайланды

Жазылуу
Молдокадыров буга чейин Ак-Талаа районунун акими болуп иштеген. Андан мурда Нарын шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматын аркалаган.

НАРЫН, 1-окт. — Sputnik. Нарын шаарынын мэри болуп Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров шайланды. Бул туурасында аталган калаанын маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлашты.

"Бүгүн Нарын калаасынын мэрлигине Нурбек Молдокадыров шаардык кеңеш депутаттарынын 25инин добушу менен шайланды", — деп билдирди муниципалитеттин маалымат кызматынын өкүлү Назгүл Мүсүралиева.

Ал эми калган эки талапкердин бири, ушул эле шаардык кеңештин депутаты Сталбек Мукамбетовго үч добуш берилген.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусуна жаңы жетекчи дайындалды
Нарын шаарынын мэрилигине аттанган үч талапкердин экөө — Эмилбек Чымылдаков менен Сталбек Мукамбетов бүгүн шайлоо алдында Молдокадыровдун пайдасына талапкерлигин алып салышкан.

Мыйзамга ылайык, алар мэрликке ат салышуудан баш тарткандыгын шайлоо күнү эмес, эки күн мурда айтышы керек болгондуктан, талапкерлерге добуш берилип калган.

Ал эми калаанын жаңы башчысы Молдокадыров буга чейин Ак-Талаа районунун акими болуп иштеген."Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болчу. Андан мурда Нарын шаарынын биринчи вице-мэрлик кызматын аркалаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0