Билим берүү министри жаңы орун басарлуу болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү жана илим министрлиги. Архив
Билим берүү жана илим министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Өмүров буга чейин Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору болуп иштеп келген. 48 жаштагы министрдин орун басары кыргыз, орус, испан, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп Нурлан Өмүров дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба Минобрнауки КРБилим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган Нурлан Өмүров
Билим берүү министри жаңы орун басарлуу болду - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган Нурлан Өмүров

Министр Каныбек Исаков өзү жамаатка орун басарын тааныштырып, жумушуна ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Нурлан Өмүров буга чейин Кыргыз-Герман колдонмо математика институтунун ректору болуп иштеп келген. 48 жаштагы министрдин орун басары кыргыз, орус, испан, англис тилдерин билет. Ал докторантура боюнча билимин Испаниянын Сантьяго-де-Компостела университетинде алган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0