12:13 21 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7130
  • EUR77.3082
  • RUB1.1342
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
1185 0 0

Президент билим берүү тармагына бир гана киши жооптуу болбостон, бийликтин бардык бутактары көңүл бөлүшү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри болгон Каныбек Исаковдун антын кабыл алды.

Мамлекет башчысы жаңы министр берген антынын маанисин терең түшүнүп, элге, мамлекетке жан дили менен иштеп берет деген ишеними бар экенин айтты.

Жээнбеков, андан сырткары, билим берүү тармагындагы айрым көйгөйлөрдүн себеби эмнеде болуп жатканына токтолду.

"Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигине абдан көп сын-пикирлер айтылды. Арбын айтылды. Айрыкча билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басуудагы кемчиликтер боюнча көп нааразычылыктар болду. Билим берүү тармагына бөлүнгөн каражат жылдан-жылга көбөйүп жатат. Быйыл 1-октябрдан тарта мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көбөйттүк. Ага бир жылда 6 миллиард 800 миллион сомго жакын каражат кетет. Ушундай каражат бөлүнүп жатса дагы, тилекке каршы, Билим берүү министрлиги, билим берүү тармагы биз ойлогондой, эл ойлогондой, биз талап кылгандай, эл талап кылгандай оңолбой жатат. Буга көбүнчө Билим берүү жана илим министрлигинин башында турган жетекчиликтин аракети себеп болууда. Адамдык фактордон абдан көп таасир болуп жатат", — деди ал.

Президент ошондой эле билим берүү тармагына бир гана киши жооптуу болбостон, бийликтин бардык бутактары көңүл бөлүшү керектигин айтты.

"Билим берүүгө бардыгыбыз көңүл бурушубуз керек. Кээде бир адамга жүктөп коебуз, бирок бир адамдын колунан келбейт. Ошондуктан мен баш болуп, бийликтин бардык бутактары билим берүү тармагына жардам берип, кемчиликтерди жоюп, ушул акыбалдан чыгышыбыз керек", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаңы министрге ишеним абдан чоң экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Апасы, бир туугандары тамекиге ууланып... Министр Каныбек Исаков тууралуу 7 факты
Кыргызстанда окуу китептери боюнча көйгөйдү анализдеген ири баяндама чыкты
Белгилер:
ант, билим берүү, Каныбек Исаков, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ