Жогорку Кеңеш таркайбы? Төрага Жумабековдун жообу

© Фото / пресс-служба ЖКОфициальное открытие очередной сессии Жогорку Кенеша VI созыва
Официальное открытие очередной сессии Жогорку Кенеша VI созыва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарай турганын жазып чыгышкан болчу.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин тарашы тууралуу сөз жок экенин журналисттерге билдирди.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарай турганын жазып чыгышкан болчу.

Төрага депутаттар каникул учурунда өз аймактарына барып келгенин жана шайлоочулар менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн актуалдуу маселелерди азыр парламентте көтөрүп жатканын белгиледи.

"Вице-спикер Мирлан Бакиров баштаган депутаттардын тобу чек арада жаңжал чыккан аймакка барып келди. Бул маселени биз өкмөт мүчөлөрү менен бирге жабык эшик артында карадык. Парламент чек ара маселеси боюнча кабыл алынган токтомдорду да көзөмөлдөйт. Дагы бир жолу кайталайм, парламенттин тарашы тууралуу сөз жок", — деди төрага.

Эгер Жогорку Кеңеш тарай турган болсо процесс кандайча ишке аша турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0