Депутаттар чек ара боюнча өкмөттүн маалыматын угуп, чечим чыгарышкан жок

Жазылуу
Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн чек ара боюнча маалыматын жабык эшик артында угуп бүттү. Анын жыйынтыгы боюнча эч кандай чечим кабыл алынбай турганын депутат Бакыт Төрөбаев журналисттерге билдирди.

Ал ошондой эле парламент кийинки жумада чек ара боюнча Жогорку Кеңештин буга чейин чыгарган токтомдорунун аткарылышын карай турганын айтты.

Село Максат Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматынын жетекчиси Шаршеев чыр курулуштан чыкканын тастыктады
Жабык эшик артында каралган чек ара мамилесине өкмөттүн бардык мүчөлөрү жана күч органдарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.

Ал эми Тажикстандан үч аскер кызматкери көз жумганы айтылган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0