19:23 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Максат жана Сай чек ара бекеттерине атылган ок (42)
9110

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн чек ара боюнча маалыматын жабык эшик артында угуп бүттү. Анын жыйынтыгы боюнча эч кандай чечим кабыл алынбай турганын депутат Бакыт Төрөбаев журналисттерге билдирди.

Ал ошондой эле парламент кийинки жумада чек ара боюнча Жогорку Кеңештин буга чейин чыгарган токтомдорунун аткарылышын карай турганын айтты.

Жабык эшик артында каралган чек ара мамилесине өкмөттүн бардык мүчөлөрү жана күч органдарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды.

Ал эми Тажикстандан үч аскер кызматкери көз жумганы айтылган.

Тема:
Максат жана Сай чек ара бекеттерине атылган ок (42)

Тема боюнча

Парламентте Чек ара кызматын Баткенге көчүрүү сунушталды
Сүйлөшүүлөр уланууда. ЖК чек ара боюнча өкмөттүн маалыматын эртең укмай болду
Депутаттар тартышып жатып чек ара маселесин жашыруун карамай болушту
Белгилер:
Бакыт Төрөбаев, Баткен облусу, чек ара, Жогорку Кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ