Шыкмаматов тажик тараптын "бул биздин жер" дегени кайдан чыкканын айтты

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргыз-тажик чек арасындагы Максат айылы. Архив
Кыргыз-тажик чек арасындагы Максат айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда депутаттар кыргыз-тажик чек арасында жакында болгон жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында угуп жатат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жабык эшик артында каралган чек ара маселесин талкуулоо учурунда кандай көйгөйлөр көтөрүлгөнүнө кыскача токтолду.

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов
Шыкмаматов тажик тараптын бул биздин жер дегени кайдан чыкканын айтты - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов

Учурда депутаттар кыргыз-тажик чек арасында жакында болгон жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында угуп жатат.

"Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдердин аткарылышы боюнча маселелер курч экен. Анын объективдүү жана субъективдүү жактары бар. Көп маселе ошол Максат айылынан тажик жарандары элүүгө жакын үйдү сатып алып, үч-төрт жылдан кийин "бул биздин жер" деп доомат коюп жатканынан чыгып жатыптыр", — деди Шыкмаматов.

Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламентте Чек ара кызматын Баткенге көчүрүү сунушталды
Ал ошондой эле Кыргызстанда чек ара маселелери Конституция боюнча өкмөткө жүктөлсө, Тажикстанда чек ара маселелеринин баары президенттин колунда экенине токтолду.

Депутат, андан сырткары, чек арада аткезчилик көйгөйү, мамлекеттик органдардын үй мүлкүн, документтерди Кыргызстан тарапка эмес, Тажикстан тарапка каттаткан учурлар бар экенин айтты.

"Айтор, өкмөттүн чече турчу маселелери, жагдайлары абдан көп экен", — деди эл өкүлү.

Алмамбет Шыкмаматов журналисттердин "Тажик тарап кандай талаптарды коюп жатыптыр?" деген суроосуна азыр талкуу болуп жатканын, ал аяктагандан кийин биле турганын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0