02:11 26 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.6530
  • RUB1.0349
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Максат жана Сай чек ара бекеттерине атылган ок (42)
183310

Депутат бүгүнкү күндө чакан топ Тажикстанга (Душанбе шаарына) чек ара чатагы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чыгып кеткендигин айтты.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Баткендеги чек ара чатагы боюнча Кыргызстан тараптан Тажикстанга оор артиллерияларды колдонгондугу боюнча доомат коюлду. Бүгүнкү күндө Душанбеге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чакан топ чыгып кеткен. Бул маалыматты ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев чек ара чырын депутаттар жабык эшикте караган жыйындан кийин журналисттерге айтып берди.

"Тажик тараптан заставанын курулушу жүргүзүлүп баштаган. Биз тараптан да такталбаган тилкеге курулуш башталган. Кийинки сүйлөшүүлөргө чейин эки тараптын тең курулуштары токтотулду. Эки тараптын премьерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн билесиңер. Кыргызстандын өкмөт башчысынын айтымында (Мухамедкалый Абылгазиев — ред.), Тажикстанга катуу доомат коюлду. Тажикстан тараптан миномет, оор артиллерия менен Кыргызстандын күзөт мунараларына, заставаларын атуу туура эмес деп айтылган", — деди Төрөбаев.

Парламентарий Абылгазиевдин айткандарына таянып маалымат берди.

Чек ара көзөмөл пункту. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Бул достук мамилеге жатпайт. Эгерде чек арачылар өз ара автомат менен атышуу болсо, түшүнүктүү болот эле. Ал эми бул жерде оор артиллерия колдонулган. Андан соң тажик премьер-министри окуя болгон жерлерди көргөн. Биздин өкмөт башчынын айтымына караганда (Мухамедкалый Абылгазиев — ред.), курулушту токтотуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген. Бүгүнкү күндө чакан топ Тажикстанга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чыгып кетти. Тажик тараптан кандайдыр бир талаптар болгондугун премьер-министр айткан жок", — деп кошумчалады Төрөбаев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жабык эшик артында кароону сунуштаган.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир жоокер каза таап, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калды. Ал эми Тажикстан тараптан чек ара чырында үч киши каза болгондугу туурасында маалыматтар берилген.

Ал эми кечээ кечинде тажикстандыктар чырга себепкер болгон курулушту токтоткону белгилүү болду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Тема:
Максат жана Сай чек ара бекеттерине атылган ок (42)

Тема боюнча

Тажикстандыктар Кыргызстан менен чектешкен аймактагы курулуш иштерин токтотту
Депутаттар тартышып жатып чек ара маселесин жашыруун карамай болушту
Белгилер:
депутат, кыргыз-тажик чек арасы, Жогорку Кеңеш, Лейлек району, Баткен облусу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ