Парламентте Чек ара кызматын Баткенге көчүрүү сунушталды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЧек ара көзөмөл пункту. Архив
Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта парламентке Коопсуздук кеңеши жана Генералдык штабдын жетекчилери чакырылды. Чек ара боюнча талкуу жабык эшик артында жүрүп жатат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеш чек ара чыры жаатындагы өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында угууда делимитация жана демаркация боюнча комиссияга атайын статус берүү маселеси көтөрүлгөнүн билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, андан сырткары, Мамлекеттик Чек ара кызматын Баткенге көчүрүү боюнча ойлор ортого салынганын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнү Тажикстан менен 405 чакырым жер тактала элек.

"Алар башка картанын негизинде "бул жерлер биздин жер" деп жатышат, биз - кыргыз тарап башка жылдагы карта менен "бул биздин жер" деп жатабыз. Талаш-тартыш аябай көп. Чынын айтканда, өкмөт чыр болгон аймакта алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмес. Анткени бул чыр былтыртадан баштап чыгып келе жатат", — деди Төрөбаев.

Талаштуу маселени эки тараптуу сүйлөшүүнүн негизинде гана чечүү керектигин кошумчалаган депутат парламентке Коопсуздук кеңешинин жана Генералдык штабдын жетекчилери чакырылганын айтты.

 

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0