Депутат омбудсменге: бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз

© Фото / пресс-служба ЖКАкыйкатчы Токон Мамытов
Акыйкатчы Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жанар Акаев акыйкатчы коомдо катуу талкууга алынган маселелерде коңгуроо кагып турушу керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев омбудсмен Токон Мамытов карапайым калктын эмес, бийликчил акыйкатчы болуп жатканын айтып нааразы болду.

Учурда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын "2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" аттуу баяндамасын талкуулап жатышат.

"Азыр Кыргызстанда каалаган тармакты алып көрсөңүз, адилетсиздик, акыйкатсыздык. Эмнегедир ушундай учурда сиздин үнүңүз катуу чыкпай жатат. Сиз накта карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн акыйкатчы болушуңуз керек эле. Бирок сиз бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз. Кыргызстанда күч органдарына — прокуратура, сот, ИИМге болгон элдин ишеними төмөн. Мына чак түштө мушташ болуп жатат. Камалгандар чыгып кетип, адилеттүүлүк издегендер өздөрүнүн укугун коргой албай калууда. Карапайым кишилерди коёлу, мына мурдагы министрлер, орун басарлары, премьер-министрлер укуктарын коргой албай жатат. Биз Кыргызстанда ушундай шартта жашап жатабыз", — деди Акаев.

Тюрьма Стэнли в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы чет жактагы абактарда КРдин канча жараны бар экенин айтып берди
Депутат акыйкатчы коомдо катуу талкууга алынган маселелерде коңгуроо кагып турушу керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Токон Мамытов ТЭЦтин оңдолушу боюнча иштин алкагында кармалган премьерлер менен убактылуу кармоочу жайынан жолукканын, алардын ден соолугуна кам көрүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине атайын комиссия түзүү боюнча кайрылганын айтты.

Мамытов ошондой эле бүгүн 2018-жылы жасалган иштер боюнча отчет берип жатканын белгилеп, 2019-жылдагы отчетунда депутат айткан маселелерге кенен токтолуп, маалымат болот деп ишендирди.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0