14:32 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Ледниковое озеро Петрова близ высокогорного рудника Кумтор

ЖК депутаттары Кумтөргө барып келишти. Эмнени текшерди?

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
170 0 0

Алтын кен чыккан жайга депутаттар менен биргеликте Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү да барган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин сегиз депутаты өкмөт мүчөлөрү менен шейшемби күнү Кумтөр алтын кенине барып келишти. Бул туурасында парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков билдирди.

Анын айтымында, сапардын максаты "Сары-Чат-Ээрташ коругунун бир бөлүгү берилип кетти" деген маалыматтын чын-бышыгын билүү жана экологиялык коопсуздук жагын текшерүү болгон.

"Буга чейин айтылган Петров көлү ашып, уулуу заттын калдыктары сакталуучу жай жарылып кетүү коркунучу жок. Атайын тосмолорду коюп, дамбаны бекемдеп жатышыптыр. Петров мөңгүсүнө жакын барып көрдүк, адистердин айтымында, жылып кетүү коркунучу жаралган эмес. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сары-Чат-Ээрташ коругунун 4,5 гектар жери "Кумтөргө" берилбегенин айтып, картасын көрсөттү. Болгону корук менен кендин аймагы чектеш экен. Жеке өзүм кооптуулук жок экенине ишенип кайттым", — деди Алимбеков.

Депутаттар менен биргеликте биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жана башка тийиштүү ведомстволордун жетекчилери барган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

КР жаңы макулдашуу боюнча Кумтөр кенинен кандай пайда көрөт. Түшүндүрмө
Centerra компаниясына коруктагы 16 миң гектар жер берилдиби? "Кыргызалтындын" жообу
Белгилер:
экология, дамба, корук, Кумтөр, депутат, Нурбек Алимбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ