Жээнбеков Катарга элчи дайындап, Россиядагы консулдарды алмаштырды

© Sputnik / Владимир ФедоренкоПленарное заседание Госдумы РФ
Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи кызматы бош болчу. Аны ээлеп турган Нуран Ниязалиев былтыр тышкы иштер министринин орун басарлыгына келген. Ушул тапта Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчи кызматы бош турат.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбенков Катар өлкөсүнө Чыңгыз Эшимбековду элчи дайындаган Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Совещание с почетными консулами иностранных государств с участием МИД КР Чингиза Айдарбекова - Sputnik Кыргызстан
Министр Чыңгыз Айдарбеков ардактуу консулдар менен жолукту
Эскерте кетсек, Нуран Ниязалиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалгандан кийин аталган кызмат орду бош болчу. Ал эми Эшимбеков буга чейин Бириккен Араб Эмирлигиндеги элчинин милдетин аткарып келген.

Дагы бир Жарлык менен Руслан Бийбосунов Россиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болду. Аталган кызматты буга чейин Бообек Салимжанов ээлеп келген.

Мындан тышкары, Калдарали Маматалиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0