Президент Жээнбеков Отунбаева жана Текебаев баштаган УӨ мүчөлөрү менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервое заседание Совета по связям с соотечественниками за рубежом
Первое заседание Совета по связям с соотечественниками за рубежом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчынын маалымат катчысы президент жакын арада бейөкмөт уюмдар жана ЖМК өкүлдөрү менен жолуга турганын белгиледи.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолукканы тууралуу социалдык тармакта тараган маалыматты өлкө башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Анын айтымында, президент УӨ мүчөлөрүн 14-сентябрда бейрасмий жолугушууга чакырган.

“Ушундай эле иш-чара Эгемендик күнүнө карата өкмөт жана парламенттин мурунку жетекчилери менен да өттү. Максаты — өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу пикир алмашуу. Бул өңүттөгү жолугушуулар салтка айланып бара жатат”, — деди Стамалиева.

Эскерте кетсек, Жээнбеков былтыр ЖМК жетекчилери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Стамалиева бул иш-чара жакын арада кайталанарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0