Муктар Жумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы элчиси болуп дайындалды

Жазылуу
Жумалиев элчиликтен тышкары Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүл катары дайындалган

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Муктар Жумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы элчиси болуп дайындалганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Неделя российского  бизнеса.  День второй  - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик эки агенттикке жаңы жетекчи дайындалды
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Жумалиев ошондой эле Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүл болду.

Ал мындан тышкары, Бельгия Королдугунда, Нидерланддар Королдугунда жана Францияда Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп эсептелет.

Ошондой эле Европа биримдигиндеги, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмунда (ЮНЕСКО), Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмда (ХКТУ) туруктуу өкүл.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0